Ссылки доступа

Казакстанда январь окуяларынан кийин абакта 8 киши өлгөнү аныкталды


Январь окуяларына байланыштуу кармалган сегиз адам тергөөдөн кийин кайтыш болду. Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Олжас Бектенов парламенттик угуу учурунда билдирди.

Буга чейин казак бийлиги тергөө учурундагы кыйноодон алты киши каза болгонун айтып келген.

Бектеновдун кабарлашынча, Коррупцияга каршы кызмат азыр 234 кылмыш ишин карап жатат.

“Арыздануучулардын көбү укук коргоо органдарынын кызматкерлери беткап жана каскачан болгонун айтышууда. Жапырт башаламандык учурунда видеокамералар талкалангандыктан, аларды аныктоо кыйын болууда. Арыздануучулардын көбү жапырт башаламандыкка катышууга шектелгендер. Алардын көбү ошол учурда жараланган болушу да мүмкүн”, - деди Олжас Бектенов.

Парламентте баяндама жасаган башка бир спикер – Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун маалыматына караганда, өлкө боюнча январь окуяларынан кийин мыйзамсыз тергөө жана кыйноо боюнча 301 даттануу түшкөн. Бул боюнча 243 кылмыш иши козголгон.

“Бул иштердин алкагында тогуз кызмат адамы кармалды. Алардын баары соттун санкциясы менен камалды. Алардын арасында Алматы облусунун полиция департаментинде үтүг колдонуу менен кыйноо көрсөтүүгө шектелген полициячы да бар”, - деди Асылов.

Казакстанда тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү маалым.

XS
SM
MD
LG