Ссылки доступа

Сурхандарыяда Улугбектин "казынасы" табылды


Жез тыйындарды жергиликтүү тургундар Сурхандарыя облусунун Сариоси районунун аймагынан агып өткөн Топаланг дарыясынын жээгинен табышты.

Бул уникалдуу табылга калк арасында жана жергиликтүү басма сөздө "Улугбектин казынасы" деп аталат.

Маданий мурастар агенттигинин, Өзбекстандын мамлекеттик искусство музейинин жана Термез археологиялык музейинин өкүлдөрү жергиликтүү элден 512 даана жез тыйынды сатып алып, музейдин фондуна өткөрүп беришти.

Прокуратура өкүлдөрү биргелешкен изилдөөнүн жүрүшүндө кошумча түрдө музейге 620 жез тыйын жана бир шахмат фигурасын элден алып, белекке беришкени белгилүү болду.

Учурда облустук прокуратуранын, маданий мурастар башкармалыгынын жана археологиялык музейдин кызматкерлеринен турган атайын экспедиция казуу иштерин жүргүзүүдө.

«Археологдордун алдын ала корутундусуна ылайык, Мирзо Улугбектин тушунда (XV кылым) басылган тыйындар маданий мурастардын эң ири жана эң мыкты сакталган объектилери болуп саналат», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Аталган аймакта жүргүзүлүп жаткан кошумча казуу иштери прокуратуранын көзөмөлүндө экени айтылат.

XS
SM
MD
LG