Ссылки доступа

Душанбеде ММА мушкери Чоршанбе Чоршанбиевдин соту уланды


Чоршанбе Чоршанбиев

14-мартта Тажикстан Юстиция министрлигинин абагында ММА мушкери жана блогер Чоршанбе Чоршанбиевдин соту өттү. Бул жолу жараян ачык деп жарыяланганы менен “Озодинин” журналисттери залга киргизилген жок.

Чоршанбе Чоршанбиев Интернет аркылуу конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырууга айыпталууда. Мушкер жана анын туугандары айыптоолорду четке кагышууда.

Отурум учурунда күбөлөр суралды.

25-ноябрда Хорогдо 29 жаштагы Гүлбиддин Зиебековдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Күч түзүм кызматкерлери аны кармоо учурунда жок кылышкан. Жердешинин күнөөсүз экенине ишенген бадахшандыктар анын сөөгүн шаардык администрациянын имаратына алып келишип, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан; митинг бир нече күнгө созулган.

Орусияда жашаган Чоршанбиев четте калбай, Тажикстан элине жана памирликтерге видеокайрылуу жолдогон.

«Мен саясатчы эмесмин, мен оппозиционер эмесмин, мен адилетсиздикке байкоо салган жана ага көз жумбаган кишимин. Мен бүт дүйнөгө, бирок өзгөчө Тажикстан элине кайрылам. Канчага чейин чыдайсыңар, канчага чейин көз жумасыңар? Үч күндөн бери абалга байкоо салып жатам, бүт эл колдоп жатканына таң калдым. Менимче, бул окуяга чоң резонанс берүү керек. Адилетсиздикке, күнөөсүз адамдардын өлүмүнө каршы чыгууга чакырам», — деген Чоршанбиев.

ММА мушкеринин дал ушул кайрылуусу кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

Тоолуу Бадахшандан чыккан Чоршанбе Чоршанбиев акыркы жылдары Орусияда жашаган жана 2016-жылдан баштап таймаштын аралаш түрлөрүнө катыша баштаган. Ал 2021-жылы 3-декабрда унаасын катуу айдап, жол эрежесин бузганы үчүн кармалган. Белгилүү спортчуга сот айып пул салып, 3-декабрга караган түнү Орусиядан депортациялаган. Аны Душанбе аэропортунда тажик атайын кызматынын өкүлдөрү кармап кетишкен.

Кийинки сот отуруму 18-мартка белгиленди.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG