Шектүүнүн коомдук жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты.
Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегакомду” 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.