“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, Petronas, Dragon Oil жана азербайжандык мунай компаниялары кызматкерлеринин 30 пайызын кыскартууда.
Бул арада кыскартуу мамлекеттик секторлордо да башталды. Маселен, миграциялык кызмат менен бажы түзүмдөрү кызматкерлеринин кирешесин азайтты.
Түркмөнбашы Эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин 70 пайызы акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберилген. Баштапкы план боюнча кызматкерлер марттын башында ишке кайтышы керек болгон, бирок алардын өргүүсү 15-апрелге чейин узартылды.
Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедовдун президенттик шайлоо программасында жаңы жумуш орундарын түзүүгө артыкчылык берилери айтылган.