Ссылки доступа

Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды


Казакстандын мурдагы президентинин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды. Бул тууралуу 15-мартта Нур-Султан шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Коррупцияга каршы кызмат 13-мартта Кайрат Сатыбалдыны чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет жасаган маалда кармаганын билдирген. Ал Казакстандын мурдагы президентинин туугандарынын ичинен кармалган алгачкы адам болуп калды. 51 жаштагы Сатыбалдыга кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казактелеком" акционердик коомунун каражатын уурдоо" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Коррупцияга каршы кызматтын билдиришинче, Сатыбалды Дубайга чыгып кетмек болгон.

Сатыбалды мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген башка кылмыштарга да катышы бар деп шектелүүдө.

Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes журналынын казак версиясы Кайратты өлкөдөгү эң таасирдүү 50 бизнесмендин катарына кошкон. Анда анын мүлкү 163 миллион долларга бааланган.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалдыулы аттуу адам "Казактелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Үч жыл мурда Сатыбалды Kaspi.kz компаниясындагы өз үлүшүн расмий түрдө саткан. 2018-жылы Люксембургдун офшорунда анын атына катталган Skyline Investment Company S.A компаниясынын биргелешкен активи 266 млн. долларды түзгөн делет.

Кайрат Сатыбалды мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген. Борбор калаа Нур-Султандын акиминин орун басары болуп, улуттук "Казакойл" жана "Казакстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

XS
SM
MD
LG