Ссылки доступа

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту


"Группа 24" тобунун негиздөөчүсү Умарали Кувватов 2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн
"Группа 24" тобунун негиздөөчүсү Умарали Кувватов 2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" уюму Орусияда ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.

Топтун жетекчилиги 14-мартта тараткан билдирүүдө "уюмдун ондогон мүчөлөрүн кармоо жана экстрадициялоо боюнча Тажикстандын орус бийлиги менен жашыруун кызматташтыгына" байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганы жазылган.

"Группа 24түн" мүчөлөрүнүн бири Мухаммадсабир Абдукаххар "Озоди" радиосуна эми алар постсоветтик башка өлкөлөрдө жана Европада ишин уланта турганын айтты.

2012-жылы Орусияда түзүлгөн "Группа 24" уюму 2014-жылы Тажикстандын Жогорку соту тарабынан экстремисттик уюм катары таанылган. Топтун жактоочулары бул саясий чечим болгонун айтып келишет.

"Группа 24" тобуна мүчө делген ондогон киши Тажикстанда түрмөгө камалган. Уюмду куугунтуктагы ишкер Умарали Кувватов түзгөн. Ал 2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG