Шайлоого Бердымухамедовдон тышкары буга чейин көпчүлүккө анча таанымал эмес дагы сегиз талапкер катышкан. БШКнын маалыматына караганда, экинчи орунга добуштардын 11,09% алган Хыдыр Нуннаев жайгашса, үчүнчү орунга 7,22% добуш менен Мары облусунун башчысынын орун басары Агаджан Бекмырадов жайгашты. Калган алты талапкер шайлоочулардын 1-2% гана добушун алышкан.
Буга чейин "Азатлык" радиосунун кабарчылары өз булактарына таянып, облустардын биринде добуштардын көпчүлүгү башка талапкерлерге берилгендиктен, бюллетендер жапырт түрдө президенттин мураскорунун пайдасына жасалмаланганын билдиришкен.
Гурбангулы Бердымухамедов мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу быйыл февралда айткан. Мамлекет башчысы бул чечимин "мамлекетти башкарууда жаштарга жол берүү" каалоосу менен түшүндүргөн.
12-марттагы шайлоо Түркмөнстандын тарыхына эң кыска аралыкта өткөн шайлоо катары кирди. Байкоочулар бул саясий өнөктүктү бийликти ачык эле атасынан уулуна өткөрүп берүү аракети катары баалап жатышат.