Ссылки доступа

Болат Назарбаев менен Кайрат Шарипбаевге таандык мыйзамсыз майнинг-фермалар аныкталды


Болат Назарбаев
Болат Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен күйөө баласы Кайрат Шарипбаевге таандык делген мыйзамсыз майнинг фермалар табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы мониторинги агенттиги билдирди.

Агенттиктин кабарлашынча, мыйзамсыз майнинг-ферма түзгөндөрдүн арасында белгилүү бизнесмендер, мурда жогорку кызматтарда иштеген чиновниктер бар. Болот Назарбаев менен Александр Клебановго (парламент мажилисинин үч чакырылышынын депутаты Дарья Клебанованын жолдошу - ред) таандык майнинг-фермалар Павлодар облусунда аныкталган.

- Текшерүү учурунда 55 майнинг-ферма жумушун өз эрки менен толук токтотуп, жабдууларын алып ташташты. Аларды кайра иштетүүгө жол берилбейт. 51 компания мыйзамсыз иштеген. Алар электр кубатына мыйзамсыз кошулган, өзгөчө экономикалык зоналарга мыйзамсыз жайгашкан жана салык менен бажы алымдарынан качышкан. Алардын баары электр кубатынан ажыратылды, - деп билдирди Каржы мониторинги агенттиги.

Мыйзамсыз майнинг-фермаларынын бирине Forbes.kz тизмеси боюнча 17-орунда турган Кайрат Итемгеновдун да катышы бар. Ички иштер министрлигинин департаментинин мурдагы төрагасы Тлеген Маткенов менен байланышы бар компаниялар да мыйзамсыз майнинг менен алектенишкен.

Агенттиктин маалыматына караганда, майнинг үчүн жабдуулар Түштүк Корея, Түркия, Грузия, Сингапур жана Кытайдан алынып келинген. Айрымдары аткезчилик жол менен жеткирилген.

Бул фактылар боюнча 25 кылмыш иши козголуп, 100 млрд теңгеге тете жабдуулар конфискацияланды.

XS
SM
MD
LG