Ссылки доступа

Өзбекстанда Оксана Чусовитинанын спорттук гимнастика мектеби ачылат


Өзбекстанда Оксана Чусовитинанын спорттук гимнастика боюнча чеберчилик мектеби ачылат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 14-мартта кол койду.

Документке ылайык, мектеп Спорт министрлигинин системасында түзүлөт. Максаты – талантуу спортчуларды даярдоо жана Олимпиада оюндары менен жергиликтүү мелдештердеги жетишкендиктерди пропагандалоо.

Гимнастика мектеби юридикалык макамга ээ мамлекеттик спорттук-билим берүү мекемеси болуп эсептелет. Ал ишмердүүлүгүн 2022-2023-окуу жылында баштап, 1-11-класстарга окуучуларды кабыл алат деп пландалууда.

Президенттин жарлыгы менен тиешелүү министрликтерге 1-августка чейин заманбап гимнастика мектебин түзүү жана аны жабдуу тапшырмасы берилди.

Оксана Чусовитина — жети жолу жайкы Олимпиада оюндарына катышкан дүйнөдөгү жалгыз гимнастка.

XS
SM
MD
LG