Акция катышуучуларынын айтымында, өткөн жуманын аягында укук коргоо кызматкерлери алардын митинги "мыйзамсыз" экенин айтып, ондогон киши полицияга чакырылган. Бирок тургундар нааразылык акциясын токтотпой, акимчиликтин алдына топтолууда.
"Биз Жаңы-Өзөн акимчилигинин алдына чогулууну улантып жатабыз. Бир нече киши ачкачылык жарыялады. Биз бийликтеги адамдардан маселебизди тез арада чечип беришин талап кылып жатабыз. Болбосо митингдин катышуучулары мындан да көбөйүшү мүмкүн", - деди акция катышуучуларынын бири.
Акимчиликтин алдына чогулган жарандар 14-мартта шаар башчысы Максат Ибагаровдун атына кайрылуу жолдошкон. Анда алардын 15-17-февраль күндөрү ачкачылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышканы айтылган. "Биз "Озенмунайгаз" компаниясына жогорку акы төлөнө турган туруктуу жумушка орноштурууну өтүнүп жатабыз. 4-марттан баштап жергиликтүү бийлик бизге басым кылып, акция мыйзамсыз экенин айта баштады", - деп жазылган катта.
Жаңы-Өзөндүн жашоочулары 31-январдан бери мунай тармагына ишке орноштуруу талабы менен акимчиликтин алдына чогулуп жатышат. Өткөн жумада алар бир нече киши "мыйзамсыз митингге катышуу" иши боюнча полицияга чакырылганын билдиришкен.
Жаңы-Өзөндө жумушсуздук – курч маселелердин бири. Татыктуу иш менен камсыздоону талап кылган митингдер байма-бай өтүп турат. Шаарда 160 миң киши жашайт.