Ссылки доступа

Казакстандыктар менен бирге Алматыга ондогон украин жараны учуп келди


15-мартта түштөн кийин Алматы аэропортуна 89 жүргүнчүсү менен Air Astana авиакомпаниясынын учагы конду. Каттам Польшанын Катовица шаарынан Казакстандын 56, Украинанын 32 жана Польшанын бир жаранын алып келди.

Буга чейин Украинадан эвакуацияланган 587 казакстандык Катовица аркылуу төрт аба каттамы менен Алматыга жеткирилген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 15-мартка карата Украинадан 822 казакстандыктын чыгып кетүүсүнө жардам берилген. Алардын 726сы Польшага, калганы Молдовага, Румынияга, Венгрияга жана Словакияга барган. Учурда Катовица шаарында жана украин-поляк чек арасында казак жарандары жок. Украинанын Харьков шаарында үч, Сумы шаарында бир казакстандык калган. Алар менен казак элчилиги дайыма байланышта болууда. Мындан тышкары орус аскерлеринин курчоосундагы Мариуполь шаарында Казакстандын дагы 18 жараны бар. Калаада электр энергиясы өчүрүлүп, телефон иштебей жаткандыктан, алар менен байланышуу мүмкүн эмес болууда.

ТИМдин маалыматына караганда, Украинаны аймагында калган казакстандык 57 жүк унаасынын 51и өлкөдөн чыгып кетсе, калган алты автоунаага зарыл болгон жардамдар берилүүдө.

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы 15-мартка карата Украинадан 3 миллиондон ашык адам качкын катары чыгып кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG