Ссылки доступа

Тажик-өзбек чек ара өткөрмө бекеттери кадимки режимде иштей баштады (видео)


Эки жылдан кийин тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер кайрадан кадимки режимде иштей баштады. Бул тууралуу Тажикстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, штаб өлкөгө кирүү эрежелерин жөнөкөйлөттү. Эми жарандар (чет өлкөлүктөр да, тажик жарандары да) Тажикстанга кирүүдө COVID-19га каршы толук вакцинадан өткөнүн ырастаган күбөлүк менен кире беришет. Буга чейинкидей жаңы тест тапшыруу зарылдыгы болбойт.

Өзбекстандын Абдужаббор Абдуллаев аттуу жараны 15-мартта "Пахтаобад" чек ара бекетинен эч кандай тоскоолдуксуз эле өткөнүн билдирди.

"Пандемия маалында Тажикстандагы туугандарыбызга келе албай калганбыз. Чек арадан азыр эле өттүм. Эч кандай тоскоолдук болгон жок. Жаңы паспортума чек арадан өткөндүгүмдү белгилеп гана коюшту", — деди ал.

"Азыр эч кандай көйгөй болгон жок. Бизден эч ким акча да, коронавируска каршы тест да сураган жок. Чынын айтсам, мурда 100 сомони бермейинче өтө алчу эмессиң", — деди Салима Назарова аттуу Тажикстандын тургуну.

Тажик-өзбек чек арасы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 16-мартта жабылган. Ошол эле жылы декабрда чек арадан COVID-19га каршы күрөшүү штабынын уруксаты бар студенттердин жана коңшу өлкөдө жакын тууганы бар жарандардын гана өтүүсүнө уруксат берилген. Ошол эле учурда жарандар чек арадан өтүүдө акча сураган фактылар бар экенин айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG