Ссылки доступа

Токаев: Төңкөрүш жасоого аракет жасагандардын арасында белгилүү адамдар болгон


Январь окуясы учурунда төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында белгилүү адамдар да болгон. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16-мартта парламент палаталарынын биргелешкен отурумунда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бир катар өзгөрүүлөр кээ бир топторго жаккан эмес. Ошондуктан алар президентти бийликтен четтетүүнү каалашкан.

"Төңкөрүш жасоого умтулгандардын арасында белгилүү адамдар болгон. Жогорку кызматтагы аткаминерлер мамлекетке чыккынчылык жасады. Алар укук коргоо органдарынын мыйзамга шайкеш иш алып баруусуна тоскоолдук кылышты. Өкмөткө шаарлардагы абал тууралуу жалган маалымат беришти", - деди Токаев. Бирок ал эч кимдин атын атаган жок.

Токаев январь окуялары учурунда айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыйноо колдонгонун мойнуна алып, бул фактыларды иликтөөгө жеке өзү тапшырма бергенин кошумчалады.

Касым-Жомарт Токаев суперпрезиденттик башкаруу формасын күчтүү парламенти бар президенттик башкаруу формасына өткөрүүгө үндөдү.

Казак президенти парламент мажилисинин ролун күчтөндүрүүнү да сунуштады.

“Сенатка мажилис кабыл алган мыйзамдарды жактыруу же четке кагуу гана укугун берген норманы киргизүү максатка ылайык деп эсептейм. Ага ылайык, мажилис гана мыйзам кабыл алуу укугуна ээ болушу керек ”,— деди Токаев.

Ал сенаттагы президенттин квотасын 15тен 10го тушүрүү чечимин кабыл алганын кошумчалады.

Токаевдин айтымында, президент ыйгарым укуктарын аткарып турган мөөнөттө партияга мүчөлүгүн токтотушу керек жана муну мыйзам түрүндө бекитүү зарыл. Ал мындай норма саясий атаандаштыкты өрчүтүп, партиялардын өнүгүшү үчүн бирдей шарт түзөрүн белгиледи.

Казакстанда январдын башында болгон башаламандыкта кеминде 227 киши өлгөнү расмий айтылган. Алардын аты-жөнү ушул күнгө чейин жарыялана элек. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар окуялар маалында жана андан кийин кармалган ондогон жарандар кыйноого кабылганын билдирип, окуяларды тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып келишет.

XS
SM
MD
LG