Ссылки доступа

Токаев: митингдер тууралуу мыйзам өзгөрбөйт


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз пикирин айтуу укугун пайдаланууда жарандарга "жаңы жеңилдиктер" болбой турганын билдирди.

16-мартта парламенттин кош палатасынын жыйынында элге кайрылган Токаев 2020-жылы кабыл алынган "тынч жыйындар" тууралуу мыйзамды "демократиялуу" деп атап, жарандардын эркин чогулуу укугун камсыз кылууну талап кылган активисттер менен укук коргоочуларды "чагымчыл маанайдагы топтор" деп мүнөздөдү.

– Жаңы жеңилдиктер болбойт. Бул мыйзам башка мыйзамдардай эле аткарылышы керек. Мындай жоопкерчиликсиздик үчүн жарандарыбыз өтө чоң окуяларды башынан өткөрдү, — деди Токаев.

Казакстанда 2020-жылдан бери иштеп келаткан мыйзамга ылайык, жарандар демонстрация, митинг же пикет өткөрүү үчүн алгач жергиликтүү аткаруу органдарына — акимчиликтерге кабар бериши керек. Казак бийлиги бул мыйзамдын кабыл алынышын "коомдун демократияланышына болгон чоң кадам" деп атаган. Бирок активисттер көпчүлүк учурларда акимчиликтер түрдүү шылтоолор менен жыйындарды өткөрүүгө уруксат бербей коюшарын айтып келишет.

Укук коргоочулар бул мыйзам эл аралык стандарттарга каршы келерин билдирип, бир катар пункттары боюнча мурдагы мыйзамдан да катаал болуп калганын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG