Ссылки доступа

АКШнын Душанбедеги элчилиги бадахшандыктарды Интернет менен камсыздоого үндөдү


АКШнын Душанбедеги элчилиги Тажикстан өкмөтүн Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун жашоочуларын Интернет менен толук камсыздоого чакырды.

“Бул аймактагы элдин маалымат алуу, бизнес жүргүзүү жана сөз эркиндигине кедергисин тийгизүүдө. Биз Тажикстан өкмөтүн негизги эркиндиктерди сыйлоого чакырабыз”,— деп айтылат билдирүүдө.

Хорог шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун жашоочулары 2021-жылдын ноябрь айынан бери Интернетке кире албай калышкан. Тажикстандын Байланыш кызматы быйыл январда өткөн маалымат жыйынында аймакта эмне себептен Интернет жок экенин так түшүндүрө алган эмес. Байланыш кызматынын башчысынын орун басары Илхомжон Атоев “Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда жарандардын, коомчулуктун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо, мындан тышкары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн техникалык иш-чаралар жүрүп жатканын” билдирген. Ал бул “иш-чаралар” качан аяктарын так айткан эмес.

Өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет аймакта Интернеттин жоктугуна тынчсызданганын билдирген. Ал мындай ыкма адам укуктарын олуттуу бузуу болуп эсептелерин белгилеген.

Былтыр ноябрда Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна караштуу Рошткалин районунун тургуну Гулбиддин Зиёбеков атайын операция учурунда өлтүрүлгөндөн кийин аймакта кырдаал курчуп кеткен. Хорогдо анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган нааразылык акциялары өткөн.

Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү ноябрь окуяларын азыркыга чейин иликтеп жатканын айтууда. Бирок жашоочуларды Интернеттин жоктугу, кысымдын күчөшү, ири сандагы аскерлердин топтолушу жана алдыда дагы атайын операция өтүшү мүмкүн деген кептер кооптондурууда.

XS
SM
MD
LG