Ссылки доступа

"Казакойл Актөбө" жумушчуларынын талабы жарым-жартылай аткарылды


Актөбө облусунундагы Алибекмола жана Кожосай кендериндеги нааразылыктан кийин “Казакойл Актөбө” компаниясы мунайчылардын айлык акысын 30 пайызга жогорулатууга убада берди. Жумушчулар бул убаданы документ түрүндө бекемдөөнү талап кылышууда.

Компания 2022-жылы январда маянаны 10 пайызга көбөйткөн. Нааразылык акциясынан кийин мунайчылардын айлыгына кошулган 30 пайыз каражат да январь айынан баштап кайра эсептелет. Бул тууралуу облустук эмгек инспекциясынын башчысынын орун басары Талгат Ескарин билдирди. Ал компания жетекчилиги Нооруз майрамына карата ар бир кызматкерге 130 миң теңге (300 доллар) кошумча сый акы төлөп берүүгө милдеттенме алганын кошумчалады.

Эмгек инспекциясынын маалыматына караганда, 30 пайыздык жогорулоо кенде иштеген мунайчыларга гана тиешелүү. Инженер-техниктердин маянасы алардын айлык кирешелерине жараша өзгөрүп турат.

Актөбө облусунун акиминин орун басары Ермек Кенжеханулы муначылар акцияга чыккандан кийин аткаминерлер “Казакойл Актөбө” акционерлери менен жолугушканын, абал көзөмөлдө экенин билдирди. Ал акционерлер жумушчулардын негизги талабын – эмгек акыны төлөөнүн бирдиктүү системасына киргизүү маселесин карап жатканын белгиледи.

14-мартта Алибекмола жана Кожосай кендериндеги “Казакойл Актөбө” компаниясынын мунайчылары нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдошуп, алты жылдан бери маяна маселесин чече албай жатышканын билдиришкен. Мунайчылар “КазМунайГазга” кирген башка комипанияларга салыштырмалуу алардын маянасы эки-үч эсеге аз экенин айтышкан. Буга “Казакойл Актөбө” жумушчулары эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасына киргизилбегени себеп болууда.

Алардын айтымында, Актөбө облусу менен коңшу жайгашкан башка аймактардын кенчилери бирдиктүү системага кошулган жана 600-700 миң теңге (1200 доллардын тегереги) алат, “Казакойл Актөбө” компаниясынын жумучуларынын маянасы 200-250 теңге.

“Казакойл Актөбө” 1999-жылдан бери мунай казуу менен алектенет. Анын 50 пайыз акциясы улуттук “КазМунайГаз” компаниясына, калган 50 пайызы Caspian Investments Resources Ltd (Sinopec) компаниясына таандык.

XS
SM
MD
LG