Ссылки доступа

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар насыя алат


Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 160 миллион доллар насыя берүүгө даяр.

Министрлер кабинети каражатты экономиканын бир катар секторлорун каржылоого жумшайт.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы ала турганы көрсөтүлгөн.

Каржы министрлиги насыя берүү боюнча макулдашууга 2021-жылы кол коюлганын кабарлады. Фонддун 80 млн доллар өлчөмүндөгү каражаты 2022-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилген.

Насыя туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо; өнөр жайды өнүктүрүү жана колдоо үчүн "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун каржылоо; чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн Ишкердикти колдоо фондун каржылоо; энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объектилерин жакшыртуу үчүн бюджеттик насыя берүүгө жумшалат.

Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган.

XS
SM
MD
LG