Ссылки доступа

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына Мирзиёевдин тууганы күнөөлүү экени айтылды


13-мартта Жизак облусунун Даштабаш шаарында болгон жол кырсыгынан сегиз адам каза тапты. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгон. Өлгөндөрдүн үчөө – 5, 7 жана 10 жаштагы балдар.

Маалыматка караганда, Даштабад-Заамин автожолунда бараткан "Киа" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу башка унаадан ашып өтүп, рулду башкара албай каршы тараптан келе жаткан "Нексия" унаасын сүзгөн.

Күбөлөр "Кианын" рулунда 15 жаштагы Ибрагим Абдукаримов болгонун, ал президент Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн тууганы экенин айтып жатышат.

Республикалык ыкчам медициналык илимий борбор билдиргендей, аварияда сегиз киши өлүп, бирөө жаракат алган.

"Нексия" унаасында 60 жаштагы Хожам Бекмуротов, анын аялы, уулу жана келини, үч небереси жана жээни (унаанын айдоочусу) болгон.

"Киа" унаасынын айдоочусу түрдүү сыныктары менен ооруканага жеткирилген.

Жизак облусунун Зарбдар районундагы мамлекеттик мекемелердин биринде иштеген өз булак 15 жаштагы Ибрагим Абдукаримов президенттин агасынын балдызынын уулу экенин билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG