Ссылки доступа

Орус элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетти


Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти.

Маалыматты "Кылым шамы" укук коргоо уюумунун жетекчиси Гүлшаир Абдирасулова "Азаттыкка" ырастады. Бүгүн, 17-мартта айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатында акцияга чыгышкан.

Милиция азырынча комментарий бере элек.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери укук коргоочуларды кармап кеткен окуяга байкоо салып турарын омбудсмен Атыр Абдырахматова "Азаттыкка" билдирди.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса боло турганы кабарланган.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

Расмий Бишкек калыс турумду карманып, Киев жана Москваны жаңжалды сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып келет.

24-февралда Орусияга Украинага бастырып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны өсүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

XS
SM
MD
LG