"Өзбекстан Республикасы Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактайт. Биз Луганск жана Донецк республикаларын тааныган жокпуз", — деди Камилов.
Ал тышкы саясий концепцияны эске алуу менен Өзбекстан бир дагы аскердик блокко кошулбай турганын белгиледи.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Украинадагы жаңжалдан кийин Батыштын Орусияга карата киргизген санкциялары Өзбекстанга түз таасирин тийгизип жатканын айтты. Камилов Ташкент үчүн бул санкциялардын терс таасирин жоюу маанилүү экенин белгиледи.