Ссылки доступа

Жо Байден Путинди "аскерий кылмышкер" деп атады


АКШ президенти Жо Байден 
АКШ президенти Жо Байден 

16-мартта АКШ президенти Жо Байден журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскерий кылмышкер" деп эсептей турганын айтты.

Reuters агенттиги белгилегендей, Байден мындай риториканыПутинге каршы биринчи жолу орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу колдонгон.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга жооп катары "дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган мамлекеттин башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис" деп атады.

Өткөн жылы Байден Путинди "канкор" деп эсептейсизби деген суроого "ооба" деп жооп берген. Орусиянын президенти бул тууралуу комментарий берип жатып, СССРдин убагындагы балдардын “ким эмне деп атаса, ошол өзү ошондой" деген сөзүн мисал келтирген.

XS
SM
MD
LG