Ссылки доступа

АКШ чалгыны: Украина менен согушта жети миңден ашуун орус аскери мерт болду


Орусия Украинага аскердик чабуул жасап баштагандан бери жети миңден ашуун орус аскер кызматкери набыт болду.

Бул Ирак жана Ооганстанда 20 жыл аралыгында өлтүрүлгөн америкалык аскерлердин жалпы санынан да көп. Бул тууралуу The New York Times АКШ чалгынынын маалыматына таянып билдирди.

Гезиттин маалыматына караганда, 14 миңден 21 миңге чейин орусиялык жоокер жаракат алган. Бардыгы болуп Украина аймагындагы согушка 150 миңге чейин орус аскерлери тартылган.

Өз булактар орус армиясынын жоготуулары жөнүндө маалымат болжолдуу экенине жана ачык булактардагы маалыматтардын негизинде, анын ичинде Украина Коргоо министрлиги менен спутниктен алынган сүрөттөргө таянылганына көңүл бурушкан.

Украина бийлиги Орусия агрессиясын баштагандан бери 14 миң аскерин жоготконун ырастоодо. Орусия Коргоо министрлиги болсо украин тараптын жоготуулары 18 миңден ашканын билдирүүдө.

Орусия Коргоо министрлиги жоготуулары жөнүндө бир жолу гана маалымат берген. 2-мартта министрлик 498 аскер кызматкери өлгөнүн кабарлаган. Украин президенти Владимир Зеленский жума башында 1300 украин аскери мерт болгонун айткан.

Согуш учурунда жоолошкон тараптардын маалыматтарын текшерүү мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG