Ссылки доступа

Тажикстанда бизнести текшерүүнүн бардык түрүнө мораторий киргизилди


Тажикстанда бизнести текшерүүнүн бардык түрүнө жыл аягына чейин мораторий киргизилди. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Эмомали Рахмон 16-мартта кол койду.

Мораторий кийинки айда күчүнө кирип, 2023-жылдын 1-январында алынат.

Тажикстандык ишкерлер мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнүн көптүгүнө жана салыктын жогору экенине даттанып келишет. Бийликтин маалыматына караганда, акыркы бир жылдын ичинде өлкөдө 20 миңден ашык бизнес ишмердүүлүгүн токтоткон.

Тажик бизнеси үчүн насыя пайыздары менен салыктардын жогору болушу жана чыныгы атаандаштыктын жоктугу негизги көйгөй болуп эсептелет. Буга чейин эл аралык каржы институттары Тажикстандагы ишкерлик чөйрөнү бир нече жолу ачык сындашкан.

Былтыр узакка созулган талкуулардан кийин Тажикстанда жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Ага ылайык ишкерлер менен инвесторлор көптөгөн жеңилдиктерди алышкан. Ошол эле маалда өлкөдө бизнес кылуу үчүн тоскоолдуктарга даттанган учурлар азайган эмес.

Эмомали Рахмон 2018-жылы да ишкерлик субъектилерди текшерүүгө эки жылга мораторий киргизген.

XS
SM
MD
LG