Мындай чечим орус бийлигинин басымынан улам "Свобода" радиосунун Москвадагы бюросу ишин токтотууга аргасыз болгондон бир нече күн өткөндөн кийин кабыл алынды.
Маалыматка караганда, Балтика өлкөлөрүндөгү жаңы бюролордо "Свобода" радиосунун буга чейин Москвада иштеген кызматкерлери жана Беларус бийлигинин репрессиялык толкунунан улам бул өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон "Настоящее Время" телеканалы менен "Свободанын" беларус кызматынын журналисттери иштешет.
"Жаңы бюролор Орусия жана Беларус бийлигинин көз карандысыз журналистиканын оозун жабууга аракет кылганына карабастан, бул өлкөлөрдөгү аудиториябыз менен байланышыбызды токтотпоого мүмкүндүк берет. Орусия менен Беларустун жарандары бизден күтүп жаткан маанилүү маалыматтарды берүү үчүн аудитория менен мурдагыдан да активдүүрөөк байланышабыз. Өз өлкөлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон журналисттерге жардам берип, сөз эркиндигин колдогондугу үчүн Литва менен Латвиянын бийликтерине ыраазычылык билдирем", - деди "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флай.
6-мартта "Свобода" радиосу Орусиядагы ишин токтотконун жарыялаган. 4-мартта өлкөнүн Федералдык салык кызматы Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, медиакорпорациянын Орусиядагы кызыкчылыгын коргогон "РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун мажбурлап банкрот деп жарыялоону талап кылган. Буга ар бир материалды "чет өлкөлүк агент" деген жазуу менен коштоодон баш тартуу үчүн салынган айып пул төлөнгөн эмес деген жүйө келтирилген.
"Эркин Европа/Азаттык радиосу" медиакорпорациясынын Москвадагы корпункту ("Свобода" радиосу) ал кездеги президент Борис Ельциндин чакыруусу менен 1991-жылы ачылган.
Быйыл 4-мартта мамлекет башчы Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, "куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу жалган маалымат таратуу" үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул – Украинага басып кирүүнүн расмий формулировкасынан күмөн санаган журналист 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн дегенди билдирет. Буга байланыштуу корпорация кабарчылар окуялар жөнүндө Орусиянын сыртынан айтып беришет деп чечти.
Марттын башында Роскомнадзор "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус тилиндеги 9 сайтын блоктогон. Ага чейин ушундай эле чара "Медуза", Би-би-си, "Америк добушу", Deutsche Welle сайттарына, Facebook жана Twitter социалдык тармактарына каршы көрүлгөн.