Ссылки доступа

Казакстандын Жогорку соту "Судебный репортаж" сайты боюнча чыккан токтомду жокко чыгарды


Жогорку соттун кассациалык коллегиясы Аскер сотунун "Судебный репортаж" сайтынын журналисти Татьяна Ковалеванын материалын өчүрүү боюнча жеке токтомун жокко чыгарды. Бул тууралуу 18-мартта "Адил сөз" уюму билдирди.

"Адил сөз" уюмунун жетекчиси Тамара Калеева "Фейсбуктагы" баракчасына: "Сейрек көрүнүш: Казакстандын Аскердик соту журналистке карата жеке токтом чыгарган. Уникалдуу болбосо да, өтө сейрек көрүнүш: Жогорку соттун кассациалык коллегиясы Sotreport.kz сайтынын кабарчысы Татьяна Ковалевага чыгарылган жеке токтомду жокко чыгарды!" — деп жазды.

Калеева буга чейин прокуратура журналисттин өтүнүчүн четке какканын, Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги "Судебный репортаж" сайтынан мыйзам бузууларды жоюп, жарыяланган макаланы өчүрүүнү талап кылганын белгиледи.

Татьяна Ковалева 2018-жылы Улуттук гвардияга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын өөнөлүшүнө катыштуу сот жараянын чагылдырган. Ал бул тема боюнча жалпысынан ондой макала жазган. Алардын экөө мамлекеттик коопсуздук комитетине тиешелүү болгон.

Соттор ал эки макала чындыкка дал келбейт деп эсептеп, октябрда аларды өчүрүүнү талап кылышкан. Татьяна Ковалева материалдар Ички иштер министрлигинин маалыматына негизделгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG