Ссылки доступа

Талибдер Кабулда Tolo News телеканалынын кызматкерлерин барымтага алышты


Кабулда талибдер өлкөдөгү алдыңкы телеканалдардын бири – Tolo News’тун үч кызматкерин барымтага алды.

17-март күнү кечинде талибдердин колуна түшкөндөрдүн арасында телеканалдын директору Хполвак Сафи, маалыматтык-аналитикалык берүүлөрдүн алып баруучусу Бахрам Аман жана юридикалык маселелер боюнча кеңешчи Нафи Халик бар.

Tolo News телеканалынын Германиядагы кабарчысы Саъид Шинворинин айтымында, "Талибандын" жетекчилиги Tolo News’ка ээлик кылган Moby Group медиагруппасына чет элдик сериалдарды көрсөтүүнү токтотууга буйрук берген.

"Биз бул кабарды эфирге кечки саат 6да бердик. Бир нече убакыт өтпөй телеканалдын кеңсесине талибдер кирип келип, кесиптештерибизди коркутуп, акарат жаадырышты. Алар Хполвак Сафини кеңсеге чакырып, алып баруучу Бахрам Аманов экөөнү белгисиз жакка алып кетишти", - деди Шинвори.

Кийинчерээк Tolo News телеканалынын мурдагы директору Лутфулло Наджафизода "Твиттерге" Хполвак Сафи менен Нафи Халик бошотулганын, бирок өлкөдөгү эң белгилүү алып баруучулардын бири Аман дале камакта экенин жазды.

Moby Group медиагруппасы алар убактылуу "Талибандын" талабына биш ийгүүгө аргасыз экенин билдирди.

Радикалдуу кыймылдын жетекчилиги телеканалдын кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Журналисттердин эл аралык федерациясынын иликтөөсүнө караганда, Ооганстанда талибдер бийлик орноткондон бери 318 жалпыга маалымдоо каражаты жабылып, дээрлик үч миңдей журналист ишсиз калды. Ооганстандагы 114 гезиттин азыр 20сы гана жарык көрүүдө. Мындан тышкары 51 телеканал, 132 радиостанция жана 49 интернет-ЖМК жабылды. Жумушсуз калган журналисттердин 72% аялдар түзөт.

XS
SM
MD
LG