Ссылки доступа

Казакстандын маалымат министри: Өлкөдөгү ЖМКлар "чет өлкөлүк агент" деп таанылбайт


Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аскар Умаров өкмөттүн өлкөдөгү ЖМКларды "чет элдик агент" деп таануу боюнча мыйзамдык нормаларды киргизүү планы жок экенин билдирди.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда "мамлекет менен коомдун кызыкчылыгын жана медиачөйрөрүн өнүгүү тенденциясын эске алуу менен" ЖМКлар тууралуу мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгилеген.

"ЖМКлар курч маселелерди көтөрө алышат жана көтөрүшү керек. Бирок муну "чоң жарандык жоопкерчилик менен" жасашы зарыл. Бул иштерди алар "коомдун поляризациясына салым кошо турган сырттан келген буйрук менен эмес" жана "көмүскө калем акы үчүн саясий кландардын жашыруун күрөшүнө катышпастан" аткаруусу шарт", - деген Токаев.

Өз кезегинде президенттин бул билдирүүсү мамлекет медиачөйрөгө көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн деген божомолдорду жараткан.

18-мартта журналисттер маалымат министри Аскар Умаровго суроо берип, "Казакстанда Орусия сыяктуу ЖМКларды жана алардын өкүлдөрүн "чет элдик агент" деп таануу планы барбы?" деп сурашты.

"Менин оюмча, бул биздин ыкма эмес. Бизде журналисттер менен ЖМКлар куугунтукка кабылбайт. Биздин жол — ЖМКлардын ортосундагы атаандаштыкты мындан ары да күчөтүп, аларды өнүктүрүү", — деди Умаров.

Өкмөттүн 18-марттагы жыйынында өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов маалымат министрине журналисттер жана эксперттик коомчулук менен ЖМКлар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча "предметтик талкуу жүргүзүүнү" тапшырды.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Казакстан "сөз эркиндиги оор абалдагы" өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Казакстан "Сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде" 180 өлкөнүн ичинен155-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG