Ссылки доступа

Орусиялык S7 авиакомпаниясы Тажикстанга каттамдарын жарым-жартылай калыбына келтирет


Орусиялык S7 ("Сибирь") авиакомпаниясы жакынкы күндөрү Тажикстанга каттамдарын жарым-жартылай жандандырат. 

Буга чейин ондогон жүргүнчүлөр, анын ичинде эмгек мигранттары 2-марттан бери уча албай жатышканын айтып, билеттин акчасы кайтарылып берилбегенине даттанышкан.

S7 Airlines компаниясынын жооптуу өкүлү Журабек Тожибеков жакын арада Новосибирсктен Душанбе менен Хожентке учактар каттай баштарын кабарлады. Авиакомпаниянын расмий сайтында 20-мартта S7 Airlines лайнери Душанбе-Новосибирск каттамын аткарары жазылган.

Чектөөлөргө чейин S7 Airlines авиакомпаниясы Тажикстандын төрт аэропортунан (Душанбе, Хужент, Куляб жана Бохтар) Новосибирск, Москва, Барнаул, Омск, Томск жана башка шаарларына каттамдарды аткарып келген.

Журабек Тожибеков эл аралык каттамдар токтотулгандан кийин алар жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгүн Орусиянын башка авиакомпанияларына жөнөткөнүн белгиледи.

5-мартта Орусиядагы S7 Airlines компаниясы ЕБнын санкцияларына байланыштуу лизингдеги учактары камакка алынышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам бардык эл аралык каттамдарын токтоткон.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG