Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуяларынан кийин камалган активист үй камагына чыкты


Актөбө облусунун адистештирилген тергөө соту Январь окуясынан кийин “жапырт башаламандыкты уюштурду” деп айыпталган абактагы активист Куат Шамуратовду үй камагына бошотту. Анын баш коргоо чарасы 19-марта өзгөртүлдү.

Актөбө облустук сотунун маалыматына караганда, Куат Шамуратов алдыдагы эки айда үй камагында болот.

Айрым маалыматтарга караганда, Куат Шамуратовго тагылган айып жеңилдетилген. Буга чейин ага “жапырт башаламандыкты уюштурду” деген айып тагылып келсе, прокуратуранын өтүнүчүнөн кийин анын иши “жапырт башаламандыкка катышуу” беренеси боюнча каралууда.

Айыпталуучунун туугандары ага карата козголгон кылмыш ишин анын жарандык позициясы менен байланыштырышууда. Куат Шамуратов мурда тынч акцияларга катышып келген.

44 жаштагы Куат Шамуратов он жыл ички иштер органдарында иштеп, өз каалоосу менен иштен кеткен жана ишкерлик менен алектенип жүргөн.

Январь окуяларынан кийин Актөбөдө 12 киши камалган. Дагы ондогон кишилер үй камагында. Аймакта январь окуяларына байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон. Актөбө облустук полициясынын билдиришинче, эки иш “Террроризм актысы” боюнча иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG