Ссылки доступа

ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок


Кытайда кырсыкка учураган учактын ичиндегилер арасында кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып 21-мартта билдирди.

21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган.

Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан.

XS
SM
MD
LG