Ссылки доступа

Казакстанда мору урап түшкөн ЖЭБдин директору менен башкы инженери кармалды


21-мартта түтүн чыккан мору урап түшкөн Казакстандын Петропавл шаарындагы жылуулук электр станциясынын (ЖЭБ) директору менен башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облустук прокуратурасы кабарлады.

"Өз милдеттерине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылбоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат. Мындан тышкары көзөмөдөө инстанцияларынын иши да анализденүүдө", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

22-мартка караган түнү кырсыктан кийин дайысыз болуп жаткан 38 жаштагы кызматкерди издөө үчүн станциянын иши убактылуу токтотулган. ЖЭБдин урап түшкөн мору 1961-жылы пайдаланууга берилген.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ЖЭБди жана энергетика тармагындагы башка активдерди башкарган "Борбор Азиялык Электроэнергиялык Корпорация" компаниясынын жетекчилиги бул кырсык үчүн 214 миң киши жашаган шаардын тургундарынан кечирим сурады.

"Докуметтерде мордун техникалык баасы жакшы болчу. Анын урап түшүүсүнө түрдүү факторлор себеп болду окшойт. Биз бардыгын ачык кабарлайбыз", - деди компания жетекчиси Александр Клебанов.

58 жаштагы Клебанов Казакстандагы эң таасирдүү ишкерлердин бири болуп эсептелет. "Forbes-Казакстан" басылмасы 2020-жылы анын байлыгын 374 миллион долларга баалаган. Клебанов ээлик кылган "Борбор Азиялык Электроэнергиялык Корпорация" компаниясы "Севказэнерго", "Павлодарэнерго", "Астанаэнергосбыт" жана "АРЭК" ишканаларын көзөмөлдөйт. Мындан тышкары "Каустик" жана "Павлодар-Водоканал Северный" акционердик коомдоруна ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG