Ссылки доступа

БУУнун баш катчысы Украинадагы "маанисиз согушту" токтотууга чакырды


Антониу Гутерриш
Антониу Гутерриш

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия баштаган Украинадагы "маанисиз согушту" токтотууга чакырды.

22-мартта Нью-Йорк шаарында журналисттер менен сүйлөшкөн Гутерриш бул кагылышууда жеңүүчү болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бейкүнөө адамдар гана өлүп жатканын айтты.

"Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана маанисиз. Мариуполь багынып берген күндө да Украинаны шаардын артынан шаарды, көчөнүн артынан көчөнү, үйдүн артынан үйдү басып алуу менен багындыра алышпайт. Эртеби-кечпи тараптан согуш талаасына сүйлөшүүгө өтүшү керек. Бул маанисиз согушка чекит коюу зарыл", - деди баш катчы.

Орусия Украинада 24-февралда согуш баштаган. Азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза болуп, 3 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG