Ссылки доступа

Алексей Навальный экинчи иш боюнча тогуз жылга соттолду


Москванын Лефортово райондук соту орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды "Алдамчылык" жана "Сотту кемсинтүү" айыптары боюнча тогуз жылга эркинен ажыратты.

Соттун көчмө жыйыны Навальный "Ив Роше" деп аталган иш боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Покров шаарындагы түзөтүү абагында өттү.

Сот Навальныйды Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон деп тапты. Мындан тышкары ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген кине тагылды. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырышты.

Өкүмдү угузуу жараянына 100гө жакын журналист келди. Алар трансляция жүрүп жаткан залда отурушту. Отурумдун өзүнө кабарчылар киргизилген жок.

Мурдараак мамлекеттик айыптоо Навальныйды алдамчылык жана сотту мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүнгөн. Жактоочулар аны актоону суранган.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт. Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалып, жети жыл мурдагы "Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептеп келишет.

XS
SM
MD
LG