Ссылки доступа

Тажикстан менен Орусия ортосунда авиакаттамдарды аткаруу үзгүлтүккө учурады (видео)


 Душанбе аэропортундагы жүргүнчүлөр
Душанбе аэропортундагы жүргүнчүлөр

«Урал авиалиниялары» компаниясынын каттамдары кечиктирилгенине байланыштуу Душанбе менен Москва, мындан тышкары Орусиянын бир нече шаарларында жүздөгөн жүргүнчүлөр ара жолдо калышты.

Авиакомпаниянын өкүлдөрү бул абалды Батыштын Орусияга киргизген санкцияларынын кесепеттери катары түшүндүрдү. «Сибирь» жана «Урал авиалиниялары» компанияларынын каттамдары эки аптадан бери жокко чыгарылып же кийинкиге жылдырылып жатат.

Хатлон облусунун тургуну Жамшед Нозимов 19-февралда Москвага учуп кетмек, бирок ошондон бери Душанбенин эл аралык аэропортунда отурат. Аларды алып кете турган учак Орусиядан али келе элек. Качан келери да белгисиз.

«Үч күндөн бери аэропортто түнөп жатабыз. Каттамды аткарышсын же билеттин акчасын кайтарып беришсин», - деди ал.

22-мартта «Озоди» радиосунун кабарчысы Душанбе эл аралык аэропортуна барып, Орусияга кетүү үчүн өтө көп жүргүнчү топтолгонуна күбө болгон. Отургучтарда жана багаждардын үстүндө уктап жаткан балдар да бар.

«Урал авиалинияларынын» Тажикстандагы өкүлү Умеджон Лолаев Европада катталган учактар санкциялардан улам каттамдан алынганын айтты. «Биздин учактар Орусияда каттоодон өтөт, жана мындан ары кечигүү болбойт», — деди Лолаев.

«Урал авиалиниялары» Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчү ташыган эң ири авиакомпания болуп эсептелет.

Десятки таджикских мигрантов застряли в Навруз в аэропорту "Жуковский"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

XS
SM
MD
LG