Ссылки доступа

Казакстандык штангист Нижат Рахимов Риодогу алтын медалынан ажыратылды


22-мартта Спорттук арбитраждык сот (CAS) казакстандык оор атлет Нижат Рахимовдун допинг маселесине байланыштуу ишти карап, Рио олимпиадасындагы алтын медалын кайтарып алуу чечимин чыгарды. Атлет сегиз жылга спорттон четтетилди.

CAS Рахимов уруксат берилбеген ыкма аркылуу допинг эрежесин бузган деген бүтүмгө келген.

Соттун пикиринде, казакстандык атлет 2016-жылдын 15-мартынан 2021-жылдын 18-январына чейин заара үлгүсүн төрт жолу алмаштырган. Анын арасында 2016-жылы Рио-де Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында алынган үлгү да бар. Мелдеште атлет 77 килограмм салмакта алтын байгени утуп алган.

Рахимовдун бул аралыктагы бардык жыйынтыктары жокко чыгарылды.

28 жаштагы Рахимов Азербайжандын борбору Баку шаарында туулган. Ал бул өлкөнүн атынан бир нече жолу эл аралык мелдештерге катышкан. 2014-жылы Рахимов Казакстан жарандыгын алган.

Рахимов кызытма жаңжалына биринчи жолу кабылып жаткан жок. Мурда IWF аны тыюу салынган препаратты колдонууга айыптап, 2013-жылдан 2015-жылга чейин мелдештерден четтеткен.

XS
SM
MD
LG