Ссылки доступа

"Би-би-си": Орусияда Навальныйды колдогон жүздөй полициячы жумуштан алынды


Орусияда ички иштер органдарынын кеминде жүз кызматкери оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогону үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу "Би-би-си" кабарлады.

Басылманын ИИМдеги өз булактары билдиргендей, Волгоградда саясий себептерден улам 17 кызматтер жумушунан ажырады. Ярослав облусунда 30, Пермде 22, Томск облусунда 30 жана Калужский, Воронеж, Свердлов, Тюмень облустарында 5-10 кызматкер иштен алынды.

Нижный Тагил шаарынын мурдагы ыкчам кызматкери Андрей Коряев Навальныйга катталганына байланыштуу жумуштан бошотулганын айтат

“Бирок январда жумуштан алуунун себептери жөнүндө эч ким үн каткан эмес. Толук сыр болгон, эмне болуп жатканын жетекчилик да билген эмес. Алар мени четке чакырып алышып, эмне кылганымды сурашкан. Кадрлар бөлүмү эшикти жаап коюп, эмне кылганымды шыбырап сурашкан", - деди ал.

Басылманын маалыматына караганда, ФСБ Навальныйдын долбоорун колдогон кызматкерлерди аныктап, алардын тизмесин аймактарга жиберүүдө. "Би-би-си" алардын электрондук даректеринин баары “Акылдуу добуш берүү” базасында болгонун белгилейт. База 2021-жылы free.navalny.com сайтында ачык жарыяланып кеткен. Навальныйдын тарапташтары базаны алардын мурдагы кызматкери Федор Горожанко уурдаганын айтышкан.

2021-жылы декабрда "Дождь" телеканалы Алексей Навальныйдын долбоорлоруна катталган жана посттордун алдына “лайк” баскан 14 полициячы иштен алынганын кабарлаган.

2021-жылы орус бийлиги Алексей Навальныйга байланышы бар түзүмдөрдү экстремисттик деп тапкан.

Алексей Навальный Владимир облусунда жазасын өтөп жатат. Күн мурун ал алдамчылык жана сотко акарат келтирүү айыбы менен 9 жылга эркинен ажыратылды.

По данным издания, сотрудников, поддерживающих проекты Навального, выявляет ФСБ, отправляя списки в регионы. "Би-би-си" отмечает, что электронные адреса всех их собеседников были в базе "Умного голосования". Вероятно, основным источником информации стали базы сайта free.navalny.com, оказавшиеся в открытом доступе в апреле 2021 года. Сторонники Навального обвинили в краже баз своего бывшего соратника Федора Горожанко.

В декабре 2021 телеканал "Дождь" рассказал об увольнении 14 полицейских из-за подписки на проекты Алексея Навального и лайков под постами. Редакция Сибирь.Реалии также сообщила о массовом увольнении полицейских в разных регионах России. В частности, работу потеряли несколько сотрудников томской полиции.

В 2021 году российские власти признали структуры, связанные с оппозиционным политиком Алексеем Навальным, экстремистскими.

Алексей Навальный отбывает срок в колонии во Владимирской области, Накануне суд приговорил его к 9 годам строгого режима по обвинению в мошенничестве и оскорблении судьи.

XS
SM
MD
LG