Ссылки доступа

Украина прокуратурасы орусиялык журналисттер Киселёва менен Скабеевага кылмыш ишин козгоду


Украинада орусиялык мамлекеттик телеканалдардын алып баруучулары Ольга Скабеева менен Дмитрий Киселевго кылмыш иши козголду.

Алар “Алдын ала кутумга баруу менен топ кишилерди Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга” шектелүүдө.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө эки орусиялык алып баруучунун чакырыктары “олуттуу кесепеттерге” алып келгени айтылат.

Документте Скабеева менен Киселев Орусиянын аскердик кылмыштарын ыраттуу түрдө актап келгени белгиленген.

"Орусия агрессиясына жана Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверенитеттүүлүгүнө каршы башка кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу – аларга эл аралык издөө жарыялоо жана кайда болбосун активдерин камакка алуу үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Скабеева менен Киселев бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG