Ссылки доступа

"Мигрант Медиа" долбоору


Урматтуу окурмандар! Борбор Азия Жаңылыктар кызматы ("Эркин Европа/Азаттык радиосу" медиакорпорациясынын долбоору) сиздер үчүн "Мигрант Медиа" аталышындагы жаңы рубриканы сунуштайт.

Ушул тапта Борбор Азия өлкөлөрүндө миграция – эң актуалдуу темалардын бири. Орусиядагы эмгек мигранттарынын көбүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан атуулдары түзөт.

Соңку жылдары Казакстан да Борбор Азия аймактарынын эмгек мигранттары үчүн жагымдуу багыт болуп баратат. Мигранттар мекенине жөнөткөн акча көптөгөн үй-бүлөлөрдү багып, бул мамлекеттердин экономикасына жасалган инвестициянын туруктуу булагы болуп калды.

Соңку маалыматтарга караганда, 2021-жылы май айында Орусия аймагында борбор азиялык 2,5 миллион эмгек мигранты болгон. Акыркы бир жарым жылда алардын саны 35-40 пайызга кыскарган.

Бул арада Борбор Азия өлкөлөрүнүн миңдеген мигранттары саясий, укуктук, экономикалык мүнөздөгү ар түрдүү көйгөйлөргө, ксенофобияга кабылып келишет.

"Мигрант Медиа" долбоору мигранттарды укуктары, милдеттери жана чет өлкөдө жүрүү эрежелери жөнүндө кабардар кылып турат. Биз мигранттарга керектүү болгон эң соңку жана кызыктуу жаңылыктарды айтып берүүгө ниеттенүүдөбүз.

Centralasian.org сайтынан дүйнө жана чөлкөм жаңылыктарынан тышкары "Мигрант Медиа" рубрикасы менен да тааныша аласыздар. Азырынча бул маалыматтар орусча берилүүдө, алдыда кыргыз, казак, өзбек жана тажик тилдеринде да жеткиликтүү болот. Маалыматтар биздин телеграм каналыбызда да – https://t.me/migrantsmedia жайгаштырылат.

Видео

XS
SM
MD
LG