Эки күн мурун "Каспий куур түйүнү консорциуму" катуу шамаалдан улам Новороссийский алдындагы деңиз терминалындагы жабдуулардын шлангдары жарактан чыкканын кабарлаган.
Консорциум мунай жеткирүүнүн көлөмү жарымына чейин кыскарышы ыктымал экенин айткан. Аба ырайы туруктуу болуп турса, жарактан чыккан жабдуулардын бирин оңдоого эле кеминде үч апта кетет.
“Каспий куур түйүнү консорциуму” аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.