Ссылки доступа

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыйноодон өлгөн тажикстандыктын ишин кароону токтотту


Исмонбой Бобоев. Архив

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 12 жылдан кийин кыйноодон өлгөн тажикстандык Исмонбай Бобоевдин иши боюнча жеке даттанууну кароону токтотту.

Исфара шаарынын жашоочусу Исмонбой Бобоев 2010-жылы Согд облусунун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында каза болгон.

Комитеттин Женевада өткөн жыйынында Тажикстан бийлиги укук коргоочулардын сунуштарын көңүл сыртында калтырганы, Бобоевдин туугандары болсо жергиликтүү күч түзүм кызматкерлеринин куугунтуктоосунан коркуп, арызды кароону талап кылбай калганы айтылды.

30 жаштагы Исмонбой Бобоев Орусияда жашап, ошол өлкөнүн жарандыгын алган. 2010-жылы ал Исфара шаарына ата-энеси менен учурашууга жана кызын алып кетүүгө келген. 19-февралда ал экстремисттик уюмга мүчө деген шек менен кармалган. Маркумдун атасы Журабой Бобоев Согд облусунун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки кызматкери – Фирдавс Шокиров менен Манучехр Акбаров уулун электр тогу менен кыйнап, сабаганына даттанган.

Согд облустук прокуратурасы Исмонбой Бобоевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр кармалган. Бирок милиция кызматкерлери жумуштан гана бошотулган. Кылмыш иши соттолуучулардын оорусуна байланыштуу (сасык тумоо жана простатит) токтотулган.

XS
SM
MD
LG