Ссылки доступа

Орусия ТИМи: Орусия менен Украина туткундарды эки жолу алмашты


Орусиялык туткундар
Орусиялык туткундар

Бул тууралуу Орусия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Орусиянын Коргоо министрлиги күн сайын гуманитардык коридорлорду уюштуруп, калктуу конуштардагы жай тургундарды эвакуациялоого жол ачууда. Мындан тышкары Орусия менен Украинанын ортосунда эки жолу туткундарды алмашуу ишке ашты", – деди ал. Москва туткундарды качан алмашканын, кишилердин саны канча экенин так айткан жок.

Украина болсо тукундарды алмашуу болгонун четке какты.

Өткөн аптада Орусия менен Украина биринчи жолу туткундарды алмашканы кабарланган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, он орус аскери Мелитополь шаарынын мэри Иван Фёдоровго алмаштырылган. Алмашуу расмий түрдө болгон-болбогону айтылган эмес.

21-мартта Орусиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова Москва Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна 500дөн ашуун украин аскер туткуну жөнүндө маалымат бергенин айткан.

Андан мурда Украинанын вице-премьери Ирина Верещук украин тарапта 562 орусиялык туткун бар экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG