Ссылки доступа

Түркмөнстандын мамлекеттик мекеме-ишканаларында жаңы президенттин сүрөтү илине баштады


Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун сүрөтү өлкөнүн бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларында илине баштайт.

Мекеме-уюмдар өлкөнү 15 жыл башкарган мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүн уулунукуна алмаштыруу боюнча тапшырма алышты.

Лебап облусундагы укук коргоо органдарынын кеңселери жаңы президенттин портретин биринчилерден болуп илишти. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, кызматкерлер сүрөттөрдү өз эсебинен сатып алышууда.

Бул арада Лебап облусунун Фарап районундагы орто мектептердин директорлору өткөн аптада портреттерди алмаштыруунун уюштуруу иштери менен алек болушту. Өз булактардын кабарлашынча, жетекчилер сүрөттөрдү алмаштыруу талабын аткарууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда.

"Мектеп директорлору үчүн бул чоң көйгөй. "Аркадагдын" сүрөтүн эмне кылуу керек деген суроо жаралууда. Көбү аны алып таштоо же калтыруу керектигин билбей жатышат", - деди түркмөнабаддык өз булак.

Түркмөнстанда президенттин портреттерин алмаштыруу ыраттуу түрдө жана калктын эсебинен жүргүзүлүп келет.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 12-марттагы президенттик шайлоодо добуштардын 73 пайызга чукулун алганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG