Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ички базардагы баанын туруктуулугун колдоо менен калктын керектөөлөрүн камсыздоо, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, буудай, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүк товарларын импорттоо боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйында Мирзиёев өкмөттүн эң башкы милдети – инфляцияны төмөндөтүү жана аны мурда белгиленген көрсөткүчүнө тезинен кайтаруу болуп эсептелерин айтты.
Ташкенттин негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Орусия Украинага кол салгандан кийин Өзбекстан азык-түлүк товарларын жеткирүүдө көйгөйлөргө туш болууда. Муну менен катар баа көтөрүлүп, улуттук валютанын куну кетти.