Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги дыйкандарга Орусияга айыл-чарба азыктарынын экспорту көбөйтүлө турганын эскертүүдө


Украинадагы согушка байланыштуу Москвага киргизилген эл аралык санкциялардын фонунда Түркмөнстандын бийлиги жергиликтүү ишкерлер менен дыйкандарга кайрылып, Орусияга айыл жана мал чарба азыктарынын экспортун көбөйтүү пландалып жатканын эскертүүдө.

"Мары облусунун бийлиги ишкерлердин катышуусунда жыйындарды өткөрүп, өндүрүлгөн азыктардын көбү эми Орусияга экспорттоло турганын эскерте баштады. Алар кант кызылчасын өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек экенин билдиришти. Аткаминерлердин айтымында, Орусияда кумшекер жана эт азыктары жетишсиз болууда. Ал эмес Орусияга текстиль товарларынын экспорту да башталышы мүмкүн экен", - деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү ишкерлердин бири.

Ал бийликтин экспорт үчүн азык-түлүк товарларынын өндүрүшүн көбөйтүү талабы ишкерлер менен дыйкандардын дээрлик бардыгынын нааразылыгын жаратканын айтууда.

"Биздин өзүбүздө бир нече жылдан бери кумшекерсиз отурган адамдар бар. Кургакчылыктан улам жайыттардагы малдын көбү өлүп калды. Мындан улам эт кымбаттады. Эми биз Орусияны да багышыбыз керекпи?! Буга чейин Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн бизден наныбызды жана унубузду тартып алышкан. Тургундардын көбү жаңы президент шайлангандан кийин абал жакшырат деп үмүттөнүп жатышкан. Үмүтүбүз акталбайт окшойт", - деди ал.

Бийликтин экспортту көбөйтүү планы тууралуу өлкөнүн Айыл-чарба министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ижарачылардан кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу талап кылынып жаткан Мары облусунда Түркмөнстандагы эң ири кант заводу жайгашкан. Аймакта жыйналган кант кызылчасынын көбүн мамлекет менен түзүлгөн келишимдин алкагында аталган завод сатып алып турат.

Түркмөнстан кумшекерди өзү Орусия, Азербайжан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн сатып алат.

XS
SM
MD
LG