1-апрелден баштап пенсиялык кордо милдеттүү түрдө калууга тийиш болгон каражаттын чеги эки эсеге көбөйүп, жарандардын андан пайдалануу мүмкүндүгү чектелет.
Казакстандык журналист Молдир Бакыт “Фейсбуктагы” баракчасына банктын колл-борбору жооп бербей жатканын, акча которуу үчүн мобилдик тиркеме иштебей жатканын жазды.
Мобилдик тиркеме ачылбай жатканын башка колдонуучулар да кабарлашууда.
Оtbasy Bank банкынын маалымат кызматы 24-мартта техникалык маселелерден улам мобилдик тиркеме ачылбай калганын, адисттер мүчүлүштүктөрдү жоюунун үстүнөн иштеп жатышканын билдирди.
Казакстандыктарга пенсиялык кордогу каражаттарын алдын ала алууга 2021-жылы уруксат берилген. Каражатты кыймылсыз мүлк сатып алууга, ипотеканы жабууга, баалуу кагаздарды сатып алууга же дарыланууга жумшоого болот. Каражаттын көп бөлүгү кыймылсыз мүлк рыногуна жумшалган. Эксперттердин пикиринде, пенсиялык топтомдорду колдонуу кыймылсыз мүлктөрдүн баасынын жогорулоосуна алып келди. Расмий маалымат боюнча 2021-жылы 16 миң киши пенсиялык топтомдорун колдонуу менен ипотекаларын толугу менен төлөшкөн.