Ссылки доступа

Сот Next TV телеканалынын директорун абакта калтырды


Таалай Дүйшембиев.
Таалай Дүйшембиев.

Бишкек шаардык сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калды.

Биринчи инстанциядагы сот Дүйшембиевди 3-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Жараянда Таалай Дүйшембиев сот чечимин "саясий буйрук" деп атады.

3-мартта УКМК телеканалдын директорун "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен козголгон иштин негизинде камакка алган. Тергөө телеканал Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Орусияга жардам бере турган жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.

Прокуратура Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу сотко арыз менен кайрылган.

Медиа коомчулук телеканалдын имараты жабылып, жетекчисинин камалышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана эрежелерди сактоо керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG