Маалыматка караганда, мындан тышкары орус-монгол чек арасындагы чектөөлөр да алынып, чек арадан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын да өтүүсүнө уруксат берилет.
Орусия Казакстан жана Монголия менен чек арасын 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу жапкан. Андан бери жарандар учак аркылуу каттап келишкен.
Орусия Казакстан менен аба байланышын 2020-жылы сентябрда калыбына келтирген. Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы аба каттамдарга эч кандай чектөөлөр жок. Бирок Орусия Украинада согуш баштагандан кийин киргизилген санкциялардан улам Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы Казакстанга, Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын убактылуу токтоткон.