Ссылки доступа

Тажикстанда ишкерлер аз камсыз болгон жаштардын үйлөнүү тойлорун каржылап беришти


Тажикстандын Куляб шаарында Нооруз майрамына карата аз камсыз болгон 35 жуп баш кошуп, 230 баланын сүннөт тоюу өттү.

Шаардык акимчиликтен билдиришкендей, бул тойлор жергиликтүү ишкерлер тарабынан каржыланып, баш кошкон жуптарга белектер жана нике тууралуу күбөлүктөр берилди.

Аз камсыз болгон жаш жубайлардын жана сүннөткө отургузулган балдардын тизмесин жергиликтүү социалдык камсыздандыруу бөлүмдөрү түзүп беришкен.

Тажикстанда акыркы жылдары Ноорузга карата жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан жаштардын үйлөнүү тойлору менен балдардын сүннөт тойлорун өткөрүүгө жардам берүү салтка айланып калды. Буга чейинки жылдары айрым ишкерлер бийлик аларды мындай кайрымдуулук өнөктүктөргө катышууга мажбурлап жатканына даттанышкан.

XS
SM
MD
LG