"Албетте, экспорт көлөмү кыйла азаят, бирок Казакстан үчүн ал анчалык деле оор болбойт. Казакстандагы мунай кендеринин баарында эле оңдоо иштерине байланыштуу иштер 40-50 күнгө чейин пландык түрдө токтоп турат. Ошондуктан терминалды оңдоо иштери жүрө турган 1-1,5 ай Казакстан үчүн өтө деле оор болбойт", - деди министр.
Күн мурун Казакстандын Энергетика министрлиги "Каспий куур түйүнү консорциумундагы" авариядан улам мунай экспорттоонун альтернативдүү жолдорун иштеп чыга баштаганын билдирген.
Апта башында "Каспий куур түйүнү консорциуму" катуу шамаалдан улам Новороссийский алдындагы деңиз терминалындагы жабдуулардын шлангдары жарактан чыкканын кабарлаган.
Консорциум мунай жеткирүүнүн көлөмү жарымына чейин кыскарышы ыктымал экенин айткан. Аба ырайы туруктуу болуп турса, жарактан чыккан жабдуулардын бирин оңдоого эле кеминде үч апта кетет.
"Каспий куур түйүнү консорциуму" аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.